Нурлан Кирешеев коргоо министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким келди?

Коргоо министринин биринчи орун басары Кирешеев Нурлан Исабекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин дагы бир буйругу менен Усубалиев Таалайбек Ешенкулович коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.