Нурлан Шакиев: «Бакиевге баарын ачык айтып, сындай алган эки гана адам бар болчу. Бири — Мадумаров, экинчиси — мен»

«Ошол кезде президент Бакиевге дайыма бетине болгонун болгондой айтып, сындап отурган ал жерде эки эле адам бар болчу. Бири — Мадумаров, бири — мен»,- дейт Нурлан Шакиев.

Экс-министр бул кепти СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди. «2009-жылдын 29-декабрында президент Курманбек Бакиевге кирип, эл арасында болуп жаткан нааразычылыктарды кеңири айтып, электр энергиясына болгон бааны этаптар менен көтөрүүнү сунуштап, Максим Бакиевди токтоосуз жумуштан кетирүү керек дегем. Бирок менин сунуштарым Бакиев тарабынан анча кабыл алынган жок. Ошондо айтканмын, эгер мага айткан пикириңизде кала берсеңиз эл жазында көтөрүлүп, сизди кууп чыгат деп. Айтканымдай болду. Ошол сүйлөшүүдөн үч жарым ай өткөндө эл көтөрүлүп, жанагыдай трагедия орун алды. Ошонун баарын учурунда айткан мен коомчулук үчүн бакиевчи болуп, ошентип айта албаган, тескерисинче «ой, боло берет! Сиз — Айсыз, Сиз — Күнсүз! Сиз болбосоңуз жамгыр жаамак эмес, чөп чыкмак эмес, Сиз болбосоңуз күн да чыкмак эмес!» деп жүргөндүн баары кийин Бакиевди сатты. Бүгүнкү күнгө чейин Бакиевди сатпаган эки адам болсо бири — менмин»,- дейт Нурлан Шакиев. Саясатчы «Курманбек Бакиев толтура кемчиликтерди да кетирди, мен аны экиге бөлүп карайм» дейт.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.