Нурлан Шакиев: «Садыр Жапаровдун өлкөнү саздан сууруп чыксам деген ниети күч»

«Садыр Жапаровдун өлкөнү саздан сууруп чыксам деген ниети күч». Мындай пикирин мурдагы Маалымат, маданият жана туризм министри Нурлан Шакиев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Камчыбек Кыдыршаевич менен көптөн бери иштешип келе жаткан адам катары, «Мекенчил» партиясынын катарындагы, учурда бийлик башына келген команданын бир өкүлү катары Садыр Нуркожоевич менен дагы Камчыбек Кыдыршаевич менен дагы байланышып, талкууларга катышып жатам. Садыр Нуркожоевичтин өлкөнү батыраак саздан сууруп чыксам деген ниети күч. Ошонүчүн идеясын, оюн, сунушун айткан  адамдардын баарына ачык болуп жатат. Анын өзгөчөлүгү, артыкчылык жагы ушунда. Эми ал идея-сунуштарды канчалык ишке ашырат, ал жагы башка кеп. Өз сөзүндө туруп акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи же менин партиям, тигинин партиясы деп бөлбөй, кыргызды өнүктүрөм деген ой-ниети, тажрыйбасы бар жаштардын, жарандардын баарын чогултат деп үмүт кылам»,- дейт ал.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.