Нурлан Шакиев: «Сөгүнүү коррупциядан жаман нерсе»

Экс-министр Нурлан Шакиевдин пикиринде сөгүнүү, адепсиздик Кыргызды коррупциядан дагы жаман артка тартып жаткан илдет.

Ырчылар менен Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин конфликти боюнча комментарий берген ал «министрлик бергенимди алып коём деген жолду тандаганы туура эмес болду. Коомчулукка ырчыларды уяткарып койсо гана жетиштүү болмок»,- дейт. «Сөгүнгөн адамдар, сөгүнчөөк адамдар башкарып, өлкө ушул абалга келди. Сөгүнгөн нерсе жегичтиктен жаман нерсе. Ар бир сөгүнүүгө да шайтандар оомийин деп турат, берекенин баарын ошолор кетирип жатат. Коррупция, жегичтик сөгүнүүгө салыштырганда төртүнчү, бешинчи пландагы маселе»,- деп санайт экс-министр.

Мындай пикирин Нурлан Шакиев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Маектин толук версиясы шилтемеде.