Нурлан Шакиев: «Сооронбай Жээнбеков тарыхта эң ыплас шайлоо өткөргөн президент катары калат»

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берген экс-министр Нурлан Шакиев Сооронбай Жээнбековду «тарыхта эң ыплас шайлоо өткөргөн президент катары калат» деп мүнөздөдү.

«Акыркы 3 жылда мамлекеттик бийлик иштеген жок, сенек абалда турду, ырааттуу мамлекеттик бийлик жүргүзүлгөн жок. Өлтүрбөйм дагы, өстүрбөйм дагы деген гана саясат жүрдү. Өткөн жылды эле карайлы, чабал өкмөттүн чабал вице-премьери кайра премьер-министр болду. Парламенттик шайлоодон 3-4 ай алдын мен Сооронбай Шариповичке кирип, эскерткенмин. «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» өкүлдөрү добуш сатып алуу аракеттерин эмитен эле баштап алышты. Тыйбасаңыздар аягы жаман бүтөт деп. Аягы чын эле ошондой болду. Парламенттик шайлоолор болуп көрбөгөндөй ыплас, болуп көрбөгөндөй добуш сатып алуулар менен өттү. Сооронбай Жээнбеков тарыхта эң ыплас шайлоо өткөргөн президент катары калат»,- дейт экс-министр.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.