Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Суу айыл аймагындагы № 56 К.Кулназаров орто мектебинин ачылыш аземине катышты. 150 орунга ылайыкташкан, эки кабаттуу заманбап мектептин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 43 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.
«Мамлекет тарабынан мурда курулушу башталып, бирок токтоп турган имараттарды аягына чыгарууга өзгөчө көңүл бурулууда. Буга биз бүгүн ачылыш аземин өткөрүп жаткан К.Кулназаров атындагы мектеп анык мисал. Андан тышкары, жаңы мектептерди куруу иштери да кызуу жүргүзүлүүдө. Алсак, Аксы районунда дагы алты мектеп салынып, жакынкы аралыкта ишке берилери күтүлүүдө”, – деди Шакиев.
Андан соң төрага Авлетим айыл аймагында жайгашкан № 25 К.Алымкулов атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Аталган мектептин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, ага 66 миллион сом каралган. Эки кабаттуу окуу имараты 225 орунга ылайыкташкан.