Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районуна иш сапары менен барды. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Кара-Жыгач айылындагы Асанбек Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө мектебинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Мектептин ачылышына депутат Гүлшаркан Култаева, билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов баштаган жетекчилер, мектеп жамааты, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ааламга жол айылдан башталат. Ким ойлоптур, ошол мезгилде ушул кичинекей айылдык мектептен чоооң киши чыгат деп. Ал абдан март жана шар жүргөн адам. Жасай турган иштерди да ошондой тез чечет. Жолунан болуп, бир жылда 100 мектеп бүтүптүр. Төрага Нурланбек Шакиевге ийгилик каалайбыз.
Учкан уяна кайрылып Аны барктап данктап колунан келсе ондоп туздоп койсо кандай керемет. Албетте спикер Азамат, бул улгу болоор ,ийгилик каалайлык.
Төраганын демилгеси менен 100 мектеп бир жылда курулушу аябай жакшы иш чара, мектептер билимдүү, маданияттуу элине, жерине жараган инсандарды тарбиялашсын!!!