Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарында Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Анда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Алгач төрага Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип, быйыл эгемен эки мамлекеттин дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгондугун эске салды. Ошондой эле байланыштардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз кылган төрага: «Эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтип, айрыкча экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүүбүз зарыл. Себеби, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жаатында мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө арбын. Айрыкча Кыргызстан таза экологиялык айыл чарба продуктуларын Беларусь Республикасына экспорттоо менен катар инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар», — деди.
Өз кезегинде Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин белгилеп, бул жаатта жигердүү кызматташуу зарылчылыгына токтолду. Андан тышкары, дүйнөдө болуп жаткан учурдагы абалга байланыштуу пикирин билдирип: “Биз гигант өлкөлөр эмеспиз, дүйнөлүк саясаттын багытын аныктай албайбыз. Бирок кайсы гана өлкө болбосун, анын өлчөмүнө жана масштабына карабастан, планетада калыптанып жаткан ландшафтка таасирин тийгизет”, – деп кошумчалады.
Кезинде Беларусь Республикасы кант кызылчасынын уругунан баштап, түрдүү айыл чарба продуктуларын Кыргызстандан алып турганын мисал кылган Александр Лукашенко: “Кыргыздарды жакшы билем, даанышман, эмгекчил эл. Андыктан, биргелешип иш алып барсак, чоң ийгиликтерге жетишебиз. Айрыкча, аймактар аралык байланышты кеңейтишибиз керек”, – деди.
Кечээ, 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...
"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...