Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алды. Анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.
Нурланбек Шакиев Кыргызстан боордош Азербайжан мамлекети менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп: “Биз тарыхыбыз, тилибиз, маданиятыбыз жана руханий баалуулуктарыбыз окшош, бир тууган элбиз. Айрыкча өлкө жетекчилери да тыгыз иш алып, алакаларды арттууга өбөлгө түзүүдө. Андыктан, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты бекемдеп, боордоштук жана достукка негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүбүз деген ишеничтемин”, – деди.
Ошондой эле өткөн жылы Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата Баку шаарында өткөрүлгөн маарекелик иш-чарага катышып келгенин эске салган төрага: “Салтанаттын алкагында Милли Межлистин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушуп, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган маанилүү маселелерди талкуулаганбыз”, – деди.
Муну менен катар жакынкы аралыкта Азербайжанга расмий иш сапары менен баруу планы бар экенин маалымдаган Нурланбек Шакиев: “Акыркы жылдары парламенттер аралык кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүп келет. Айрыкча өлкөлөр ортосунда жетишилген келишимдерди толук ишке ашыруу жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлүп, тоскоолдуксуз колдоого алынууда”, – деп кошумчалады. Буга Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн мисал кылды.