Нурланбек Шакиев БУУнун мурдагы башкы катчысы менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын борбор калаасы Улан-Батор шаарында Бириккен Улуттар уюмунун VIII башкы катчысы, «Пан Ги Мун» фондунун жетекчиси Пан Ги Мун менен жолугушту.

Нурланбек Шакиев Пан Ги Мундун Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы катары жигердүү иштегенин эске салып: «Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда, экология, экономика, энергетика өңдүү тармактардагы глобалдык долбоорлорду ишке ашырууда сиздин жетишкендиктериңиз жогору бааланат», — деди. Муну менен катар башкы катчы кезинде Пан Ги Мундун Кыргызстанга эки жолу келип кеткенин айткан Нурланбек Шакиев: «Биз азыр да сиз негиздеген фонд менен тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз», — деди.

Тагыраагы, Туруктуу өнүктүрүү максаттарын биргелешип ишке ашыруу багытында Кыргызстанда жасалып жаткан иштерге кеңири токтолгон Нурланбек Шакиев: «Бул боюнча кызматташуунун алкактык программасын жана эки жылдык иш планын кабыл алып, атайын кеңеш да түздүк. Натыйжада Кыргызстан коюлган максаттарды ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишип, 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээледи. Мындан ары да алгылыктуу кадамдарды улантып, 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүнү көздөп жатабыз», — деп кошумчалады.

Ал эми Пан Ги Мун Кыргызстанга жасаган сапарындагы урунтуу учурларды эске салып: «Сиздердин өлкөдө жасалып жатканын акыркы реформалар, алгылыктуу кадамдар тууралуу кабарым бар», — деди. Мындан тышкары, көтөрүп жаткан демилгелери боюнча да кеңири маалымат берген Пан Ги Мун: «Туруктуу өнүгүүгө багытталган маанилүү максаттарды коюп, аны жүзөгө ашыруу үчүн узак жылдарды камтыган глобалдык пландын үстүндө иш алып барып жатабыз. Мында да Кыргызстан менен тыгыз кызматташып, биргелешкен долбоорлор боюнча иш жүргүзүү артыкчылыктуу багытыбыз. Сиз Жогорку Кеңештин Төрагасы катары демилгелерибизге өзгөчө көңүл буруп, Туруктуу өнүгүүгө багытталган максаттарыбызды колдоп бересиз деген терең ишеничтебиз», — деди.