Нурланбек Шакиев: «Депутаттар өзгөчө Куралдуу күчтөргө тиешелүү мыйзамдарды ар дайым колдоп келебиз»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Нурланбек Шакиев Кыргыз Республикасынын жаңы Аскердик доктринасын ишке ашыруунун алкагында парламент тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолуп: “Жогорку Кеңеш коргоо жана коопсуздук жаатындагы, натыйжалуу аскердик-саясий башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын базасын чыңдоо жана аларды жаңы талаптарга жараша өркүндөтүү багытында жигердүү иш алып барууда. Муну менен катар дүйнөлүк аренада Кыргыз Республикасынын аброюн көтөрүү, эл аралык мамилелерди бекемдөө жана мамлекетибиздин коопсуздугуна байланышкан кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча алгылыктуу аракеттер көрүлүүдө. Айрыкча депутаттар Куралдуу күчтөргө тиешелүү мыйзамдарды ар дайым, приоритеттүү түрдө колдоп келебиз”, – деди. Буга 2023-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү максатында кабыл алынган жана каралып жаткан мыйзамдарды мисал кылды.

“Кыргыз Республикасынын аскердик-саясий жетекчилиги тарабынан мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн, жалпы башкаруу системасын өнүктүрүүгө багытталып, дүйнөдөгү жана аймактагы геосаясий кырдаалдарды, заманбап чакырыктар жана ички-сырткы коркунучтарды эске алуу менен иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасын толук колдой тургандыгыбызды билдирем”, – деди төрага.