Нурланбек Шакиев: «Газа тилкесине Кыргызстан гуманитардык жардам жөнөтөт»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жавад Авад менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы алакалар тууралуу сөз болуп, элчи Палестинадагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берди.

Төрага Палестинанын Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгилеп: “Чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз адамзат тарыхындагы бул кайгылуу алааматтын тезирээк токтошуна тилектешпиз”, – деди. Муну менен катар жакында Эр-Рияд шаарында Палестина аймагындагы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз VIII Ислам саммити өткөрүлгөнүн эске салган төрага: “Бул иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, ок атышууну токтотууга, эл аралык коомчулукту Газа тилкесиндеги жарандарга гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга чакырды. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которуу чечимин кабыл алдык. Мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен гуманитардык жардамдар да жөнөтүлөт”, – деди.

Элчи Израилдин баскынчылыгы 7-октябрда эле башталбаганын белгилеп: “75 жылдан бери уланып келе жаткан зомбулук азыркы учурда түрдүү алааматтар менен коштолууда. Акыркы баскынчылыктын кесепетинен 11 миңден ашуун адам набыт болуп, 30 миңден ашуун киши жаракат алды. Алардын 75 пайызы балдар”, – деди. Ошондой эле элчи Палестина элинин башына түшкөн кайгылуу күндөрү колдоосун көрсөткөн Кыргыз Республикасынын президентине, Жогорку Кеңешине жана жалпы элине ыраазычылыгын айтты. “Биз көрсөткөн көмөгүңөрдү эч качан унутпайбыз. Тилекке каршы берилген гуманитардык жардамдарды Палестина элине жеткирүүгө да тоскоолдук жаратып, ооруканаларды да талкалап жатышат. Андыктан, дүйнө коомчулугун Израиль баскынчылыгын токтотууга чакырабыз”, – деди.
Жавад Авад элчилик ишмердүүлүгүн Кыргызстан менен Өзбекстанда айкалыштыра аткарат. Ал эми резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан.