Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилери менен жыйын өткөрдү

Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен мыйзам чыгаруу процессин өркүндөтүү, документ жүгүртүүнү санариптештирүү жана мыйзам долбоорлоруна карата сапаттуу укуктук экспертиза жүргүзүү маселелерин талкуулоо максатында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Нурланбек Шакиев документтер менен иштөөнү сапаттуу уюштуруунун, мыйзам жана токтом долбоорлоруна карата белгиленген талаптарга ылайык экспертиза жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүн, Жаңы жылдын биринчи иш күнүндө мыйзам чыгаруу процессин документалдык камсыздоого, жарандардан, мамлекеттик органдардан келип түшкөн каттар менен кайрылууларды өз убагында кабыл алууга жана аны иштеп чыгууга, документтерге экспертиза жүргүзүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңешке жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык актуалдуу маселелерди кароого жооптуу Аппараттын негизги бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чогулттум. Себеби, кабыл алынган ар бир мыйзам жана экспертизалык корутундулар сапаттуу, грамматикалык жактан туура жана колдонуу үчүн түшүнүктүү болууга тийиш», — деген Шакиев документ жүгүртүүнү мамлекеттик тилде алып барууга өзгөчө көңүл бурду.

Айрыкча санариптештирүү процессин аяктоо менен «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүүнү андан ары улантуу зарылчылыгына токтолгон төрага өткөн жылы Жогорку Кеңеш башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле документтерди электрондук форматка өткөрүүгө багытталган аталган маалыматтык системаны колдоно баштаганын кошумчалады.