Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды.
Жолугушууга “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская жана Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев да катышты. Жолугушууда тиешелүү мыйзамдардын аткарылышы жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы маселелер талкууланды.
Нурланбек Шакиев өткөн жылы биринчи жолу конституциялык макамга ээ “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынганын эске салып: “Аталган мыйзамды ишке ашырууга байланышкан жагдайлар тууралуу маалымат алуу үчүн чакырдым. Анткени, биз үчүн мыйзамдын аткарылышы маанилүү. Талаптар так аткарылганда гана мамлекеттик тилибизди өнүктүрө алабыз”, – деди. Өз кезегинде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жаңы кабыл алынган мыйзамдын артыкчылыктары тууралуу сөз кылып: “Бул мыйзамдын башкы өзгөчөлүгү конституциялык макамга ээ экендиги. Ошондой эле айрым талаптар так көрсөтүлүп, мамлекеттик тилдин коомдогу ролун жогорулатууга байланышкан ченемдер киргизилген”, – деп кошумчалады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...