Нурланбек Шакиев Кара-Кулжадагы айыл-район башчыларын кабинеттен чыгып, жигердүү иштөөгө чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Гуз айыл аймагына барды. Ал Калматай айылында жайгашкан мектептин спорт залынын долбоорун көрүп чыкты. Спорт залдын пайдубалы 2020-жылы түптөлүп, бирок курулушу токтоп калган. Ал эми имаратты толук бүткөрүү үчүн 18 миллион сомдон ашуун каражат талап кылынат.

Долбоору менен таанышкан төрага курула турган спорт зал азыркы талапка жооп бербестигин белгилеп: «Ар бир иш келечекке ылайыкталып жасалышы шарт. Эгер долбоордогудай бүткөрүлсө колдонууга жараксыз болуп, окуучуларга ыңгайсыздык жаратат. Андыктан, долбоорду кайрадан карап чыгып, заманбап спорт залын куруу зарыл. Керек болсо Жогорку Кеңеш кошумча каржылоо маселесин да чечүүгө көмөктөшөт», — деди. Бул тууралуу Нурланбек Шакиев коштоп барган жетекчилерге да тиешелүү тапшырмаларды берди.

Тургундар бир катар социалдык-инфраструктуралык маселелерди көтөрүшүп, анын ичинен Калматай жана Жаңы-Талаа айылдарында бала бакча көйгөйү курч экенин белгилешти.

Андан соң төрага Жетим-Дөбө айылындагы эки корпустан турган “Карагуз” орто мектебинин абалы менен таанышты. Биринчи корпусу 1971-жылы курулуп, азыркы тапта авариялык абалда. Экинчи корпусу 2015-жылы салынганы менен 140 окуучуга гана ылайыкташкан. Бирок мектепте 280 окуучу билим алат. Андыктан кошумча жаңы окуу корпусун жана спорт залын куруу зарыл. Бирок эки имаратты курууга жер аянты жетишсиз. Жер маселесин жергиликтүү бийлик тез арада чечиши керектигин айткан төрага коштоп барган жетекчилерге окуу корпусунун жана спорт залдын курулушун кийинки жылдын планына киргизүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар жергиликтүү эл менен жолугушууда ички жана айылдарды байланыштырган жолдордун начар экени айтылды. Бул маселени жергиликтүү жетекчилер карап олтура бербей тиешелүү мекемелерге маалымдап, чечүү аракетин көрүшү керектигин белгилеген Нурланбек Шакиев айыл-район башчыларын кабинеттен чыгып, жигердүү иштөөгө чакырды.