Нурланбек Шакиев Казак парламентинин Сенатынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Маулен Ашимбаевдин коштоосунда Казакстандын парламентинин Сенатынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин делегациясы Сенаттын жыйындары өтчү залдарды көрүп, мыйзам чыгаруу процессинин жүрүшүнөн кабар алды.

Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстандын парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен Астана шаарына расмий иш сапары менен барган.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев бар.