Нурланбек Шакиев Кембриж университетине барды (сүрөт)

Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарынын алкагында Кембриж университетине барды.

Ал 1209-жылы түптөлгөн окуу жайдын эски кампустарында болуп, байыркы университеттин ишмердүүлүгү менен таанышты. Азыркы тапта аталган окуу жайда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген 18 миңден ашуун студент окуса, аларга 9 миңдей окутуучулар жамааты билим берет.

Окуу жайдын жетекчилери жана окутуучулары менен өткөрүлгөн жолугушууда Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалары тууралуу сөз кылып: “Тарыхый улуу жолду басып өтүп, Исаак Ньютон, Чарльз Дарвин жана башка бүтүрүүчүлөрү менен таанылган Кембриж университетинде 121 Нобель сыйлыгынын ээси, Улуу Британиянын 14 премьери билим алган. Жалпы адамзатты кызыктырган бул университетке окууну каалаган кыргыз жаштары да арбын. Алсак, университетте окуу мүмкүнчүлүгүн алып, “Кембрижде окуган” деген ардактуу наамга ээ мекендештерибиз да бар. Алардын катарында, вакцинаны муздатпастан сактоо боюнча уникалдуу ыкманы ойлоп тапкан кыргыз кызы Асель Сартбаева Кембриж университетинин аспирантурасында тажрыйбасын арттырса, Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов да бул окуу жайда билимин жогорулаткан. Буйруса, ушундай мекендештерибиз дагы көбөйүп, Кыргызстан менен Кембрижди байланыштырган билим көпүрөсү түзүлөт деген ишеничтемин”, – деди.

Андан соң төрага Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына байланышкан тегерек столго катышып, бабаларыбыздын баскан жолу тууралуу кеңири баяндама жасады. Тегерек столдо Кыргыз каганатынын тарыхына кызыккан айрым окумуштуулар аталган багытта ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатышканын билдиришти. Ага ылайык, Кыргыз каганатынын тарыхына байланыштуу чыгарылган китепти төрага Нурланбек Шакиевге белек кылышты. Жыйында айтылгандай, профессор Сиддхарт (Монту) Саксена жетектеген Борбор Азия форуму экологияны сактоо, тоо системасын коргоо, жаратылышты калыбына келтирүү, тоо-кен иштетүү тармактары боюнча изилдөөлөрдү да жүргүзүп келет.