Жогорку Кеңеш заманбап шартка жана жаңы чакырыктарга ылайык иш алып барышы керектигин белгилеген төрага Нурланбек Шакиев: “Парламент коомду алдыга сүрөп, агартуучулук милдетти да аркалашы кажет. Ар бир кабыл алган мыйзамдарыбыз, токтомдорубуз жана чечимдерибиз өлкөбүздүн жаркын келечегине кызмат кылышы үчүн сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербөө негизги милдетибиз болушу шарт”, – деди.
Ошондой эле документ жүгүртүүлөрдүн бардыгын электрондоштуруп, бюрократияны жоюунун маанилүүлүгүн белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы аппарат кызматкерлерин ыкчам иш алып барууга чакырды. “Тартип жана жоопкерчилик ийгиликтүү ишибиздин кепилдиги. Андыктан ар бир кызматкер өз функционалдык милдетин билим менен тажрыйбага таянып, адискөйлүк менен аткарышы абзел”, – деп кошумчалады ал.
Муну менен катар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн коомчулукка так жана туура жеткирүү учур талабы экенин билдирип: “Ага ылайык, Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн күчтөндүрүп, “Парламент” радиосунун ишин кайрадан жандантышыбыз керек. Маалыматтар бурмаланбай, өз убагында элге так жана даана жетип турса, парламенттин ишмердигине ачык жана туура баа берилишине өбөлгө болот”, – деди төрага.