Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Нарын облусундагы иш сапары башталды. Алгач ал Кочкор районуна караштуу Орток айылында жайгашкан А. Жалпетеков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
360 орунга ылайыкталып курулган бул мектеп 1991-жылы пайдаланууга берилген. Азыркы тапта 275 окуучу билим алат. Окуу имаратындагы негизги көйгөй жылытуу системасынын начардыгы. Анткени, мындан 18 жыл мурун орнотулган электр конвекторлор эскирип, жарымы жараксыз абалга келген. Натыйжада өткөн кышта класстар муздак болгондуктан, кошумча жылытуучу жабдууларды колдонууга мажбур болушкан. Тиешелүү мекемелерге кайрылуулар жазылып, жыйынтыгында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) 4 миллион 785 миң 367 сомдук долбоор киргизилген. Долбоордун алкагында жасалуучу жумуштар мерчемделип, жакынкы аралыкта тендер өтөрү күтүлүүдө. Төрага окуучулар үшүбөй, жылуу класстарда билим алышы керектигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге оңдоп-түзөө иштерин тез арада бүткөрүү талабын койду.
Нурланбек Шакиев мыйзамсыз аракеттерди жасап, криминалдык иштер менен алектенген кылмыштуу топторго каршы аёосуз күрөш башталганын белгилеп: “Мыйзамга жана укук үстөмдүгүнө баш ийген, адам укугу корголгон коомдо гана өнүгүү болот. Ага ылайык, “каралар” жана “каралар дүйнөсү” түшүнүктөрү мамлекетибизде болбошу керек. Ошондо гана биз чет өлкөлүк инвесторлордун жана өзүбүздүн ишкерлердин эркин иштөөсүнө өбөлгө түзүп, экономикалык өнүгүүнү камсыздай алабыз”, – деди.
Жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн баарлашууда бала бакча маселеси курч экени айтылды. Төрага калктын талабын эске алып, кийинки жылы жаңы бала бакча куруу маселесин карап чыгууну тиешелүү жетекчилерге табыштады.
Жогорку Кеңештин төрагасын анын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Жылдыз Садырбаева, Мирлан Самыйкожо, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Таалайбек кызы, Кубанычбек Самаков, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.
Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...
Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Жээнчороев Мирлан Канатбековичке № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...
Кечээ, 15-апрелде төрага Марлен Маматалиев Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Стамбул шаарында уюштурулган жолугушууда эки...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерликтен баш...