Нурланбек Шакиев Мажарстандын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты (сүрөт) 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мажарстандын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Мажарстандын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы, азыркы тапта президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кёвердин коштоосунда жыйындар өтчү залдарды көрүп чыгып, мыйзам чыгаруу процессинин жүрүшү боюнча маалымат алды. Андан соң төрага Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

Мажарстандын парламенти жайгашкан имарат 1885-1904-жылдар аралыгында курулуп, архитектурасынын өзгөчөлүгү менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет.

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Мажарстанда расмий иш сапары менен жүрөт. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Гүлшаркан Култаева, Азамат Исираилов жана Максатбек Сарбагышев бар.