Нурланбек Шакиев «Манас-Ордо» комплексинин аймагына арчанын көчөттөрүн тикти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Талас облусундагы иш сапарынын алкагында “Манас-Ордо” Кыргыз Улуттук комплексине зыярат кылып, алгач 1976-жылы менен адабий-этнографиялык музей катары уюштурулган жайдын азыркы абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

1995-жылы “Манас” эпосунун миң жылдык маарекесинен кийин “Манас Ордо” комплекси болуп негизделип, 2001-жылы ага “улуттук” деген макам ыйгарылган. Жалпы аянты 225 гектарды түзүп, анда тарыхый-архитектуралык эстеликтер, китепкана, жаш манасчылар мектеби, музейлер, ат майданы жана башка маданий жайлар орун алган.

Нурланбек Шакиев “Манас” жөн гана эпикалык чыгарма эмес экенин белгилеп: “Манас — кыргыз улутунун кылымдарды карыткан тарыхынын энциклопедиясы. Себеби, дастанда баатырдын гана басып өткөн жолу чагылдырылбастан, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү, баалуулуктары, кайгысы менен кубанычы, көздөгөн максаты жана келечекке болгон мүдөөсү камтылган. Андыктан “Манас” эпосун мамлекетибиздин негизги идеологиясы катары карап, эгемен Кыргызстаныбызды өнүктүрүүнүн башкы жол картасы катары пайдаланышыбыз керек”, – деди.

Ошондой эле мамлекеттин казынасын арттырууда туризм тармагынын салымы чоң экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Бирок биз туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалана албай келебиз. Жараткан тартуулаган жаратылышы кооз жерлерибизге эле эмес, ушундай тарыхый жайларыбызга да чет элдик конокторду чакырсак, аймактардын өнүгүшүнө да өбөлгө түзүлмөк. Бирок бул үчүн тарыхый-маданий жайлардын абалын жакшыртышыбыз керек”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, төрага коштоп барган депутаттар менен бирге “Манас-Ордо” Кыргыз Улуттук комплексинин аймагына арчанын көчөттөрүн олтургузду.