«Бардык дарыканаларды тыкыр көзөмөлгө алуу керек». Шакиев сасык тумоого байланыштуу бийликке кайрылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 21-декабрдагы жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинен жана Министрлер кабинетинен дары-дармектердин баасы боюнча спекуляцияга жол бербөөнү суранды.

Ал парламенттин жыйынында билдиргендей, өлкөдө сасык тумоонун бир катар түрлөрү байкалып, жарандардын саламаттыгы чоң маселе болуп турат.

«Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Министрлер кабинети бардык дарыканаларды тыкыр көзөмөлгө алышы керек. Дары-дармектердин баасы жана алардын жетиштүү санына келсек, маселе курч турат. Спекуляцияга жол бербегиле, бул маселени көзөмөлгө алгыла», — деди төрага.