Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Беларустагы расмий иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алгач парламенттик делегация “Белкоммунмаш” холдингине барып, өндүрүштүн жүрүшүн көрүп чыкты. Алсак, аталган ишкана троллейбустарды, трамвайларды, электр автобустарын, электр жүк ташуучу унааларын жана кубаттоочу станцияларды жасап чыгарат. 50 жылдан бери иштеп келе жаткан ишканада азыркы тапта 1200дөй кызматкер эмгектенет. Өндүрүштүн сапатына жогору баасын берген Нурланбек Шакиев 2018-жылы “Белкоммунмаш” холдингинен 36 даана троллейбус Бишкек шаарына сатылып алынганын эске салып: “Алардын баары азыркы тапта да жакшы иштеп, калаа тургундарына кызмат көрсөтүүдө. Андыктан биз ири шаарларыбызды заманбап коомдук унаалар менен камсыздоо максатында сиздер менен кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди.
Андан соң төрага 16 миңден ашык киши эмгектенген Минск трактор заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Алсак, завод жылына 40 миңге жакын ар кандай түрдөгү тракторлорду чыгарып, анын 90 пайыздан ашыгы чет өлкөлөргө экспорттолот. Тагыраагы, дүйнөнүн 50дөй мамлекети, анын ичинен Кыргызстан дагы Минсктен чыккан тракторлорду пайдаланып келет. Ал эми Кыргызстан аталган заводко ай сайын 1 жарым млн долларлык көлөмдөгү радиаторлорду өндүрүп берет.
Төрага Нурланбек Шакиев заводдон өндүрүлгөн 450 аттын күчүнө барабар кубаттуулуктагы эң чоң тракторго олтуруп көрүп: “Кыргызстандын айыл чарба жана тоо-кен өнөр жайы тармактарында мүмкүнчүлүктөрү өтө арбын. Андыктан аталган багыттарда Беларусь мамлекети менен кызматташып, заводдорунан өндүрүлгөн заманбап техникаларды алууга кызыкдарбыз”, – деди.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...