Нурланбек Шакиев Монголиянын парламентинин төрагасы менен жолукту (сүрөт)

Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту.

Алгач эки парламенттин төрагалары ардактуу кароол тизилген аянтта учурашып, андан соң Чыңгыз хандын эстелигине таазим кылышты. Ошондой эле Нурланбек Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды. Жолугушуу кеңири курамда уланып, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев кыргыз тилинде саламдашып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Гомбожавын Занданшатарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстан менен Монголияны Алтай цивилизациясы жана эзелтен калыптанган тарыхый байланыштар жакындатып турарын белгилеген Нурланбек Шакиев: «Акыркы жылдары кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүп келет. Кыргызстандын өлкө башчысы өткөн жылы Монголияга расмий иш сапары менен келип, мамлекеттер аралык мамилени арттырууга багытталган келишимдерге жетишилген. Айрыкча Улан-Батордо Кыргыз Республикасынын элчилигинин ачылышы, бардык тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөкчү болууда», — деди.

Муну менен катар ушул жылдын февраль айында Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Кыргызстанга жасаган расмий сапары ийгиликтүү болгонун эске салган төрага анда да алакаларды арттыруу багытында алгылыктуу кадамдар жасалганын кошумчалады. Андан тышкары, соода-экономикалык байланыштар тууралуу да айтылып: «Кыргыз тарап тоо-кен өнөр жайы, мал чарбачылыгы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз. Айрыкча биз Монголияга Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүүбүз кажет», – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле маданий байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага Манас баатырдын эстелигин Улан-Батордогу көчөлөрдүн бирине ыйгарууну жана айкелин тургузууну сунуштады. Өз кезегинде Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар чакырууну кабыл алып келгендиги үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, кыргыз-монгол мамилелерине байланышкан маселелерге токтолду.