Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Анда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, байланыштарды бекемдөө багытындагы сунуш-пикирлер айтылды.

Шакиев кыргыз-монгол мамилелери акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: «20 жылдан ашык убакыттан кийин былтыр мамлекеттик сапар уюштурулуп, кыргыз президенти Монголияга келип кетти. Аталган мамлекеттик сапар байланыштардын жаңы барагын ачып, бардык багыттагы кызматташтык үчүн бекем пайдубал болуп берүүдө», — деди.

Ошондой эле тарыхый тамыры терең эки элдин орток маданий баалуулуктарын изилдөө маселелерине токтолду. Алсак, төраганын расмий сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында жайгашкан Чыңгыз Хан атындагы Улуттук тарых музейинде «Көчмөндөр цивилизациясынын табериктери» аттуу сүрөт көргөзмөсү жана «Кыргыздардын Чыңгыз Хан жана анын урпактары ортосундагы тарыхый байланыштар» темасындагы конференция уюштурулган.

Жолугушууда соода байланыштарын арттыруу багытындагы сунуштары менен да бөлүшкөн Нурланбек Шакиев: «Биздин окшоштуктарыбыз өтө арбын. Эки мамлекетте тең деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан, соода-логистикалык маселелерди ыкчамдатып чечип, экономикалык алакаларды арттырышыбыз керек. Көчмөн турмушта жашаган тоолук элдин урпактары катары бул максатыбызга да кыска убакытта жетишебиз деген ишеничтемин», — деди.