Шакиев Москвада парламенттик ассамблеянын кеңешинин отурумуна катышты

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясынын кеңешинин отурумуна катышты.

Иш-чараны Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, жыйында жамааттык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Отурумда сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылуу милдети Казакстанга өтүп жатканын эске салып, Кыргызстан парламенттик ассамблеянын алдыдагы пландарын ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады.

Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтык ЖККУ алкагындагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилеген төрага: “Жамааттык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алакаларды арттыруу үчүн моделдик мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана улуттук мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү багытындагы иштерди улантуубуз кажет. Айрыкча мамлекет башчыларыбыздын кабыл алган чечимдерин мыйзамдуу ишке ашырууда парламенттердин ролу чоң”, – деди.