Нурланбек Шакиев Нарын шаарында жайгашкан социалдык мекемелердин абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Нарындагы эки күндүк иш сапары облус борборунда уланды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Тагыраагы, төрага Нарын шаарында жайгашкан Ж.Чолпонбаев атындагы №10 орто мектебинин абалы менен таанышты. Алгач дүкөн катары салынып, 1992-жылы элдин талабы менен мектеп катары пайдаланууга берилген имаратта миңден ашуун окуучу 3 нөөмөт менен билим алат. Шарты начар жана билим берүү талаптарына толук жооп бербегендиктен, жаңы типтүү мектеп куруу зарылчылыгы турат. Бул үчүн атайын 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп, долбоору бекитилген.

Мугалимдер менен өткөрүлгөн жолугушууда Нурланбек Шакиев аталган мектептин абалынан буга чейин да кабардар экенин айтып: “Парламент жыйынында депутат Улан Бакасов тарабынан жаңы мектеп куруу талабы байма-бай көтөрүлүп келген. Андыктан, керектүү каржынын үзгүлтүксүз бөлүнүшүн көзөмөлдөп, жаңы мектепти убагында бүткөрүүгө аракет кылабыз”, – деди.

Андан тышкары, төрага Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт үйүнөн кабар алды. Алсак, аталган мекеменин имараты 1991-жылы салынып, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Азыркы тапта имарат толугу менен талапка жооп бербегендигине карабай, Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунун тургундарын тейлеп келет. Андыктан, жаңы заманбап төрөт үйүн куруу талабы коюлуп, каржылык чыгымдары эсептелген. Жогорку Кеңештин төрагасы башталган иш аягына чыгарын белгиледи.