“Акыркы жылдары байма-бай жолугушуп, түрдүү эл аралык аянтчаларда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Алсак, былтыр Самарканд шаарында өткөрүлгөн жолугушуубузда чек арага чектеш облустардын, райондордун ортосундагы алаканы кеңейтүү боюнча баарлашканбыз. Ошол демилгебиз быйыл ишке ашып, коңшулаш жашаган облустардын жана райондордун жетекчилери ортосунда көптөгөн жолугушуулар өттү. Керектүү долбоорлор каралып, аларды биргелешип ишке ашыруу боюнча келишимдерге жетишилди”, – деди.
Ошондой эле кыргызстандыктар арасында Өзбекстанды көрүп кетүүгө кызыккандар көбөйгөнүн айткан Нурланбек Шакиев туризм жаатында да кызматташтыкты кеңейтүү зарыл экенин белгиледи. “Чек аралар такталып, чек арадан өтүү тартиби да жеңилдеди. Азыркы тапта эки өлкөнүн жарандары ID-карта аркылуу чек арадан өтө алат. Бул соода-экономикалык алаканы жакшыртып, байланышты бекемдөөгө көмөкчү болору анык” ,– деди ал.
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т. Шакиев жакшы иштерди жасап жатат. Өзбекстан менен Кыргызстандын эл аралык байланыштары, айрыкча, экономикалык, маданий, туризм байланыштарын жакшыртуу боюнча жакшы идеяларды сунуштады.Ишине ийгиликтерди каалайбыз!
КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев өз ара аракеттенүүнү жана эки тараптуу мамилелерди жөнгө салууда көп иштерди жасап жатат. Ишиңиз жемиштүү болушун каалайбыз.
Төрага Нурланбек Шакиев кай жерде болбосун, ар дайым эң жакшы иштеп келген. Мындай мамлекеттик жолугушууларда да орчундуу маселелерди кабыргасынан коюп, майын чыгара бүтүрөт. Бир гана ийгилик каалайбыз
Сары эсеп салсак өлкөбүздө биринчи жолу коңшу өлкөлөр менен жылуу, бир туугандык мамиле түзүлуп ал ишке ашып жаткандай. Ошолордун башатында Өлкө башчыбыз жана Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурлан мырзанын салымы чоң экени айтпаса да көрүнүп турат
Нурланбек Тургунбекович, эл аралык мамилелерди чындоого, коншу мамлекеттер менен алаканы жакшыртып, олко учун пайда алып келген долбоорлорду ишке ашыра бериниз! Ишинизге ийгиликтерди каалайм.
Эки өлкөнүн ортосунда туризм жана соода жүгүртүү кызматташтыгы бекимдей берсин!
Ынтымак, достук, ар тараптуу өнүгүү өркүндөй берсин!