Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нуриддин Исмоилов менен жолугушту.

“Акыркы жылдары байма-бай жолугушуп, түрдүү эл аралык аянтчаларда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Алсак, былтыр Самарканд шаарында өткөрүлгөн жолугушуубузда чек арага чектеш облустардын, райондордун ортосундагы алаканы кеңейтүү боюнча баарлашканбыз. Ошол демилгебиз быйыл ишке ашып, коңшулаш жашаган облустардын жана райондордун жетекчилери ортосунда көптөгөн жолугушуулар өттү. Керектүү долбоорлор каралып, аларды биргелешип ишке ашыруу боюнча келишимдерге жетишилди”, – деди.

Ошондой эле кыргызстандыктар арасында Өзбекстанды көрүп кетүүгө кызыккандар көбөйгөнүн айткан Нурланбек Шакиев туризм жаатында да кызматташтыкты кеңейтүү зарыл экенин белгиледи. “Чек аралар такталып, чек арадан өтүү тартиби да жеңилдеди. Азыркы тапта эки өлкөнүн жарандары ID-карта аркылуу чек арадан өтө алат. Бул соода-экономикалык алаканы жакшыртып, байланышты бекемдөөгө көмөкчү болору анык” ,– деди ал.

Өз кезегинде Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси достук жана боордоштуктун чегинде өнүгүп жатканын билдирип, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча коюлган максаттар тууралуу сөз кылды.