Жума, 13.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы менен жолукту

14:38 26.09.2023
8
Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы менен жолукту

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Жолугушууда боордош эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Нурланбек Шакиев расмий иш сапар менен келүүгө чакырып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Танзила Нарбаевага ыраазычылык билдирди.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин калыптанган кызматташтыгын улантуу бабалардан калган баалуу вазыйпабыз. Аыркы жылдары кызматташтыкты кеңейтип, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга басым жасалууда. Алсак, жакынкы аралыкта эле мамлекеттик органдардын жетекчилери ортосунда түрдүү багыттагы алтымыштан ашуун жолугушуу өттү. Бул коңшулаш жашаган эки өлкөнүн алакасынын артып жаткандыгынын далили”, – деди. Муну менен катар эки өлкөнүн байланышын чыңдоодо парламенттердин ролу чоң экенин айткан Жогорку Кеңештин төрагасы: “Биз алакаларды арттырууга багытталган бардык маселени талкуулап, кеңешип чечкенге кызыкдарбыз”, – деп кошумчалады.

Соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү максатталганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Бирок бул чек эмес. Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Чек арадагы өткөрмө жайларынын ачылышы, сентябрдан тарта ID-карта аркылуу эле чек арадан өтүү тартибинин киргизилиши байланышты дагы да күчөтөрү анык”, – деди. Билим берүү жаатында да жылыштар арбын экенин айткан төрага көптөгөн өзбекстандык студенттер Кыргызстандын университеттеринде ийгиликтүү окуп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Сенаттын төрайымы Кыргызстан Өзбекстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин билдирип, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин алакасын арттыруу башкы максат экенине токтолду. “Саясий-экономикалык кызматташтык менен катар маданий байланыштарыбыз да жигердүү өнүгүүдө. Алсак, быйыл улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Өзбекстан Республикасында бир катар маарекелик иш-чаралар өтүүдө”, – деди Танзила Нарбаева.

Ошондой эле Өзбекстанда 300 миңден ашуун кыргыз улутундагы жарандар жашарын айткан Сенаттын төрайымы кыргыз диаспорасы эң активдүү экенин кошумчалады. Баарлашууда туризм жаатындагы кызматташтык тууралуу да сөз болуп, Танзила Нарбаева бала чагында Арстанбапка келип, эс алып кеткенин эске салды. “Кыргызстандын кооз жаратылышы жана көркөм табияты өзбекстандыктарды өтө кызыктырат. Андыктан, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтип, эки тараптуу каттамдарды көбөйтүшүбүз зарыл”, – деди төрайым.

Жолугушуунун соңунда төрага Нурланбек Шакиев Танзила Нарбаеванын коштоосунда Сенаттын ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

 

1 / 5
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:38 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады....

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:18 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Ант бергендер:...

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:19 11.03.2026
0

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезексиз жыйын өткөрүп, Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө...

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:14 10.03.2026
0

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулду. “Кызматка дайындалганына бир ай боло электе эмнеге иштен кетирип жатышат? Бул жогорку...

Комментарийлер 8

  1. Уран Шергазиев says:
    2 года ago

    Эки элдин эриш аркак достугуна салымын кошкон Адам эки дуйнодо жараткандын ыраазычылыгына ээ болот Азамат

    Ответить
  2. Гулзат Садырова says:
    2 года ago

    Нурланбек Шакиевдин Өзбекстанга болгон расмий иш сапары оң натыйжаларды берет деп ишенем. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң салым кошот.

    Ответить
  3. Шарабидин Аматов says:
    2 года ago

    «Алыскы туугандан, жакынкы кошуна» деген сөздүн эби бар деп ойлойм, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин илгериден жашоо тиргилиги чек арасы жок бир элдей эле болуп жашап келишкен ата бабаларыбыз, ошондуктан биз да ынтымакта жашасак, элибизде өнүгүү болот, мамлекет башчыларынын жасап жаткан аракеттери эң жакшы! Кошуна мамлекеттери менен ынтымагыбыз күчөй берсин!!!

    Ответить
  4. Орозов Жайлообек says:
    2 года ago

    Эки элдин ортосундагы ынтымакты артыруу керек. Акыркы убакта эки элдин ынтымагы кадыресе которулуп баратат.

    Ответить
  5. Майрамбек Исакеев says:
    2 года ago

    Коңшулар менен жылуу мамиледе болуу жана соода сатыкты күчөтүү бул саясаттагы чоң жетишкендик болуп саналат азаматсыз Нурлан мырза

    Ответить
  6. Максат Ахмеджанов says:
    2 года ago

    Акыркы жылдары эки мамлекет аралыгында өтө жогорку деңгээлде мамиле жаралып, кыргыз өзбек элдеринин арасында жылуу мамиле түзүлүп, меймандык катнаш өнүгүүдө. Чек ара ачылып ID паспорт аркылуу өтүш бул чоң жетишкендик. Эми өзбек туугандар бизге турист катары көп келише башташат. Бул экономикалык өсүшкө алып келет.

    Ответить
  7. Батаканова Светлана Топчиевна - К.И.Скрябин атындагы КУАУнун проректору says:
    2 года ago

    Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлде иштеп жатат. Сөзсүз оң натыйжа берерине терең ишенем! Ишине ийгиликтерди каалайм!

    Ответить
  8. Аида says:
    2 года ago

    Койгон максаттардын баардыгы ишке ашсын! Эн сонун!

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү