Нурланбек Шакиев: «Палестинага гумжардам жөнөтүү керек»

«Палестинада адам өмүрү кыйылып, согуш болуп жатат. Мусулман дүйнөсү буга кайдыгер карабашы керек. Сөзсүз түрдө Палестинадагы боордошторубузга гумжардам беришибиз кажет». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 18-октябрда жыйын учурунда билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев эл өкүлдөрүн бир күндүк маянасын Палестина элине которууга чакырып, өкмөт жардамды жеткирүү жолун таап беришин талап кылды. Эл өкүлү Жалалидин Нурбаев согуштан жабыркагандарга кантип жардам берерин билбей жатканын айтып,  тышкы иштер министрлигине атайын эсеп ачууну сунуштады.