Дүйшөмбү, 26.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги жана адам укугуна байланышкан маселелерди талкуулаган жыйынга катышты

14:34 31.10.2023
0
Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги жана адам укугуна байланышкан маселелерди талкуулаган жыйынга катышты
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги жана адам укугуна байланышкан маселелерди талкуулаган жыйынга катышты. Аталган жыйын Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулуп, ага өлкө жетекчилери, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдордун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кыматынан маалымдашты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев өткөрүлүп жаткан талкуудагы негизги маселеге токтолуп: “Азыр колдонулуп жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өттү. Мыйзам ошол учурдун, ошол доордун талаптарына жооп бергени менен азыркы шартка ылайык келбей калгандыгы жашыруун эмес. Себеби ал мезгилде азыркыдай интернет тармагы өнүккөн эмес, бүгүнкүдөй технологиялык мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Андыктан, азыркы шартты, азыркы талапты эске алып, колдонуудагы мыйзамды өзгөртүшүбүз зарыл”, – деди. Ошондой эле жаңы мыйзам бардык тараптын пикирин эске алуу менен кабыл алынарын айткан төрага: “Айрыкча, медиа тармагында эмгектенген адистердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн сунуштары сөзсүз каралат”, – деп билдирди.

Муну менен катар өлкөдөгү сөз эркиндигине байланышкан абалга да токтолгон Нурланбек Шакиев: “Бул жаатта түрдүү пикирлер айтылып келет. Бирок биздеги сөз эркиндигинин деңгээли коңшу өлкөлөргө, ал тургай дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине салыштырмалуу өтө жогору. Бирок жоопкерчилик жагы көп каралбай келет. Кээде жеке адамдын аброюна шек келтирген, жалган маалыматтар таратылган учурлар кездешет. Адам укугу бекем сакталган, демократиялык өлкөлөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууларда сөз эркиндигине байланыштуу сүйлөшүп калабыз. Байкаганымдай, аларда сөз эркиндиги менен катар ага карата жоопкерчилик да бар экени эске алынат. Андыктан, жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда бул жааттагы эл аралык тажрыйбага да көңүл бурушубуз кажет”, – деди.

“Мен мамлекеттик жана жеке жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп, журналистика тармагында узак жылдар эмгектенгем. Айрыкча адам укугунун жана сөз эркиндигинин жактоочусумун. Бирок жоопкерчилик да биринчи орунда турушу керек деген ойдомун. Эгер жоопкерчилик болбосо сөз эркиндигинин баркын кетирип алабыз”, – деп кошумчалады төрага. Сөзүнүн аягында Нурланбек Шакиев мындай жолугушууларды ар квартал сайын, жок дегенде, бир жылда эки жолу өткөрүп туруу сунушун берди.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү