Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Талас-Нылды-Покровка унаа жолунун абалы менен таанышты.
Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 74 чакырымды түзүп, Нылды, Кайыңды, Арал, Покровка айылдары аркылуу өтөт. Учурда 6-чакырымынан 9-чакырымына чейинки аралык оңдолуп, асфальттоо иштери жүргүзүлүүдө. Эгер жол толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлсө, Тараз-Талас-Суусамыр жолундагы калк жыш жашаган айылдарын аралабастан унаалардын өтүүсүнө өбөлгө түзүлмөн. Ошондой эле, Манас районун облустун борбору менен байланыштырган негизги жол болуп калмак.
Жолдун абалын жана жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыккан Нурланбек Шакиев: “Акыркы эки жылда шаарларга гана эмес, аймактарда да жолдорду оңдоп-түзөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, СССР мезгилинен бери каралбай калган асфальттар жаңыланууда. Андан тышкары, аймактар ортосундагы, эл аралык деңгээлдеги жана стратегиялык маанидеги жолдордун курулушу жигердүү жүргүзүлүп, жаңы каттамдар ачылууда. Жол – өлкөнүн кан тамыры. Буга байланыштуу жолдордун салынышы өлкөнүн өнүгүшүнө көмөкчү болуп, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга салым кошот”, – деди.
Муну менен катар мамлекетте жасалып жаткан реформаларга учкай токтолгон төрага: “Туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын жана коррупцияга каршы күчөтүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттин казынасы артып, өлкөгө керектүү долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Андыктан, алдыда дагы көп иштер жасалып, жаңы жолдор, жаңы социалдык мекемелер салынат. Тиешелүү мекемелер керектүү долбоорлорду иштеп чыгып, каражатын убагында чечип берип турушу керек”, – деп кошумчалады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...