Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Тилимпоз” долбоору аркылуу мамлекеттик тилди жайылтуу аракетин көрүп келе жаткан жаштарды кабыл алды.
Тилек Нурдинов, Нуржигит Асанов жана Муслим Таалайбек уулу баштаган жаштар “Тилимпоз” долбоорун негиздеп, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилди туура колдонууга багытталган иш-чараларды уюштуруп келет. Төрага Нурланбек Шакиев демилгелүү жаштардын жасаган иштерине жогору баасын берип: “Тил – бир улуттун жаны. Тил жоголсо, улут да жоголот. Айрыкча ааламдашкан доордо эне тилибизди аздектеп, сактоо менен гана эгемен өлкө катары өнүгө алабыз. Андыктан, мамлекеттик тилди жайылтууга далалаттанган силердей жаштардын аракети колдоого татыктуу”, – деди.
Муну менен катар жакында эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам кабыл алынганын айткан төрага аталган мыйзамды ишке ашырууда “Тилимпоз” өңдүү долбоорлордун мааниси чоң экенин кошумчалады. Жолугушуунун соңунда Нурланбек Шакиев “Тилимпоз” долбоорунун негиздөөчүлөрүнө 200 миң сомдук сертификатты тапшырып, мындан ары да ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп турарын убада кылды.
ЖКнын спикери Н.Шакиев мамлекеттик тилдин онугуп, келечеги кенейип кетишине ынтызар болгон аракетин озгочо корсотуп келуудо. Мурдагыдай кагаз жузундо токтомдор токулуп калып кетпей, бардыгы иш жузундо аткарылуусун талап кылып, корулуп жаткан аракеттердин натыйжасына озгочо конул буруп жатканы кубандырат. Ушундай тил учун патриот болгон бийик инсандар кобойо берсин демекчибиз. Тилдин нечен кылымдык руху коштоп, жогоруда айтылгандай жаны саамалыктар, тилге куйгон жаны адамдар, жаштар кобойуп, тилибиз туболукко жашай берсин.
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө аракет кылган, демилгелүү жаштарды колдогондугу, Төраганын атуулдугун аныктап турат. Ар бир чиновник мамлекеттик тилге Н.Шакиевдей мамиле кылса, кандай сонун болор эле. Урматтуу Нурланбек Тургунбекоаич, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!!!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы урматтуу Нурланбек Тургунбекович мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында алгылыктуу иш чараларды демилгелеп колдоп келет. Мыйзам кабыл алынды. Алардын дагы бири Тилимпоз долбоорун колдоо жана жаштарды ушул ишке активдуу тартуу. Келечекте бул долбоор оз жемишин берет. Колдойбуз!!! Ийгиликтер болсун!