Нурланбек Шакиев Токтогулдагы оңдоого муктаж мектептерге барды

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Алгач төрага Токтогул районуна караштуу Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Бала-Чычкан айылына барып, Айылчы Иманбаев атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Анын имараты 1990-жылы курулуп, андан бери эч кандай капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен утурумдук актоо-сырдоо иштери гана жүргүзүлүп келет. Андыктан, жалпы 46 мугалим эмгектенип, 740тан ашык окуучу билим алган мектепти толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, айрыкча жылуулук системасын жаңыртуу негизги талап.

Ушул жана башка көйгөйлөрдү угуп, мугалимдер жамааты менен да жолугушкан төрага: “Окуучулар арасында өткөн республикалык жана эл аралык олимпиадаларда көпчүлүк учурда менчик мектептерден билим алган балдар алдыңкы орундарды багынтышат. Тилекке каршы мамлекеттин карамагындагы мектептердин окуучулары андай таймаштарда ийгилик жарата албай жатканы тармакта көйгөй бар экенинен кабар берет. Андыктан Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик мектептердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга басым жасап, мугалимдер да чоң жоопкерчилик менен иш алып баруусу кажет”, – деди.

Муну менен катар төрага Үч-Терек айылындагы №29 Муктар Нургазиев атындагы орто мектептен да кабар алды. Алсак, 1987-жылы ишке берилген аталган мектеп дагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Нурланбек Шакиев аталган мектептерди жаңылоо маселеси кечиктирилбей каралышы керектигин айтып, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө оңдоп-түзөө жумуштарын быйыл баштоо тапшырмасын берди.