Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысын кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Анда боордош элдердин кызматташтыгына байланышкан маселелер талкууланып, анын парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселеси талкууланды.
Нурланбек Шакиев Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун өнүгүшүнө багытталган бардык иш-аракетти колдой турганын белгилеп: “Биздин боордош, бир тууган элдер экенибизди дүйнө билет. Андыктан саясий байланыштарды арттыруудан тышкары, соода-экономикалык жааттагы кызматташтыкты да кеңейтүүбүз кажет”, – деди. Ошондой эле парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган төрага: “Мамлекеттер ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө парламенттердин ролу чоң. Айрыкча, жетишилген келишимдерди жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мыйзам чыгаруу органдарынын колдоосу өтө зарыл”, – деп кошумчалады.
Өз кезегинде башкы катчы Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгү жана жасалып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берип, соода байланышты жакшыртуу жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүү жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.