Нурланбек Шакиев Ван Хунин менен жолугушту

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдагы расмий сапарынын алкагында Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушту.

Жолугушууда эзелтен коңшу жашаган эки элдин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышын бекемдөө маселелери талкууланып, анын ичинен Жогорку Кеңеш менен Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Нурланбек Шакиев алгач Ван Хунинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктап, бул жылдар аралыгында Кытай эмгекчил элинин аркасы менен дүйнөдөгү алдыңкы экономикалык жана саясий державалардын бирине айланганын белгиледи. Ошондой эле төрага акыркы жылдары кыргыз-кытай кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканына токтолуп: “Мында мамлекет башчыларынын салымы өтө чоң. Ал эми биз, эл өкүлдөрү эки өлкө ортосунда жетишилген келишимдерди, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү ар дайым колдой беребиз.  Кытай менен калыптанган байланыштарды кеңейтүү маселеси Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыкка ээ. Айрыкча жакын коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү аркылуу келечекке карай бирге умтулууга кызыкдарбыз”, – деди.

Муну менен катар соода-экономикалык алакалар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев: “Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Экономикалык байланыштардын негизин түзгөн энергетика, тоо-кен, логистика өңдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор арбын. Анын ичинен көп жылдан бери айтылып, бирок ишке ашпай келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунунун курулушуна тиешелүү макулдашууга быйыл кол коюлду. Бул ири долбоор ишке ашса, кызматташтыктын жаңы барагы ачылып соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүүгө жана жарандар ортосундагы байланышты кеңейтүүгө көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.

Андан тышкары, жакын коңшулук жана достук алакаларды арттырууда маданий байланыштардын маанилүүлүгүнө токтолгон төрага билим берүү жаатындагы кызматташтык да активдүү жүргүзүлүп жатканын мисал кылды. Буга кыргызстандык студенттердин Кытайдын алдыңкы университеттеринде билим алып жатканын жүйө келтирип, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында да кытайлык студенттер арбын экенин кошумчалады. Ал эми парламенттер аралык байланыштар да жигердүү өнүгүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев калыптанган кызматташтыкты тармактык комитеттердин алкагында да өнүктүрүү сунушун көтөрдү.

Өз кезегинде Ван Хунин төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын Бээжинге расмий сапар менен келиши тарыхый окуя экенин белгилеп, бул жолугушуу алакаларды мындан ары өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. Мындан сырткары Ван Хунин да эки өлкөнүн алакасы соңку жылдары жигердүү өнүгүп жатканын айтып: “Ушул жылдын алгачкы алты айында эле эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 9 миллиард долларды түзүп, 17,6%га өстү. Жыл аягына чейин дагы жогорулай тургандыгы анык”, – деди.

Муну менен катар Кытай өзүндөгү өндүрүштүк ишканалардын филиалдарын Кыргызстанда ачууга кызыкдар экендигин маалымдап: “Мен Кыргызстанга көп жолу баргам. Өлкөңүздөрдөгү акыркы жаңылануулардан, калк турмушун жакшыртуу багытында жасалып жаткан жакшы иштерден кабарым бар. Биз коңшу Кыргызстандагы өнүгүүнү ар дайым кубаттайбыз жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу колдоого даярбыз”, – деди Ван Хунин.

Ошондой эле жолугушууда түз аба каттамдарын көбөйтүү маселеси да көтөрүлүп, Ош-Кашкар аба каттамынын ачылышы тыгыз байланышты калыптандырууга көмөкчү болору айтылды.

Жолугушуунун соңунда төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын жана Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча маалымат алып, жайгашкан имараты менен таанышты.