Өткөн аптада спикерликтен кеткен Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 19-февралда мөөнөтүнөн эрте мандатын тапшырып жатканын билдирди.
«Урматтуу кыргызстандыктар! Кадырлуу момун мусулмандар! Эң оболу баарыңыздарды Ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм!
Ошону менен катар мен өзүмдүн дагы бир олуттуу чечимимди билдиргим келет. Соңку күндөрү саясий айдыңда жеке менин дарегиме ар кандай туура эмес, такталбаган маалыматтар тарап жатат.
Касиеттүү Орозонун күнүндө жана Кудай алдында ачык айтайын, мен эч бир интригаларга, айрыкча, жетимиш беш ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашкан эмесмин! Коомдо терс пикир жараткан кат Түркияга сапар тартып жаткан чагымда ММКларга жарыяланды. Тагыраагы, мен ошондо билдим. Жооп берүүгө убакыт жетпеди.
Учурдан пайдаланып айта кетсем, мен Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп турган мезгилде мамлекет үчүн, эл үчүн бир топ демилгелер көтөрүлүп, маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Албетте, ал чечимдердин баарына эле коомчулук бирдей көз карашта болгон жок. Ошентсе да, менин ар бир сөзүм, чечимим жана иш-аракетим өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн, элдин кызыкчылыгы жана келечек муун үчүн жасалды.
Бүгүн биздин ишмердүүлүккө жана азыркы кырдаалга ар кандай баалар берилиши мүмкүн. Бирок мен толук ишенем — убакыт өтүп, ар бир ишке тарых өзүнүн калыс баасын берет. Кечиримдүүлүк — бул биздин айкөл элибиздин мүнөзү. Кечиримдүү бололу. Эң башкысы кыргыз элим аман болсун. Өлкөбүзгө саясий туруктуулукту жана биримдикти тилейм! Орозоңуздар кабыл болсун», — деп жазылат билдирүүдө.