Нуртазин Жетыбаев мамкурулуш агенттигинин директорлугунан кетип, ордуна Мырзабек Жыпаркулов дайындалды

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев берген арызына ылайык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Президент кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Мырзабек Жыпаркулов Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.