30-апрелде Нью-Йорктогу Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушуу өткөрдү. Анда Республикасынын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берилди.
Молдоисаева тараптар ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкенин жана кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга ниеттенип жаткандыгын билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык жана эки тараптуу милдеттерди жана макулдашууларды жактай тургандыгын баса белгиледи. Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында Миргүл Молдоисаева кыргыз тараптан БУУнун ички жер которгон кишилерге жана алардын туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүсүнө, ошондой эле өлкөдөгү талкаланган инфратүзүмдүк объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.
Өз кезегинде Мирослав Йенча БУУнун Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көзөмөлдөп жаткандыгын, ошондой эле тараптардын ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишкендигин кубаттады. Ошондой эле ал БУУнун жаңжалдан жапа чеккендерге, анын ичинде БУУнун Тынчтык куруу фондунун алкагында жардам берүүгө даяр экендигине ишендирди.












Just want to say your article is as surprising. The clearness in your post is simply excellent and i could assume you’re an expert on this subject. Well with your permission allow me to grab your feed to keep updated with forthcoming post. Thanks a million and please continue the enjoyable work.