Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет башчысынын облустардагы өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт. Жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында өтөт.
Бул жолугушуулардын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин чечилишин контролдоо президенттин администрациясы тарабынан жүргүзүлөт. Иш-чаралар бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.
Президенттин администрациясы жогорудагы жолугушууларга бардык кыргызстандыктарды активдүү катышууга чакырат.