«Ой, мой лопушок» деп эркелетет». Алымкадыр Бейшеналиев журналисттин этика боюнча суроосуна жооп берди

Өкмөт мени (ред.министрлик кызматын) карайт, жумушта калтырат, анткени Саламаттыкты сактоо министрлиги жакшы иштеп жатат. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Балким эскертүү, балким сөгүш берет. Дагы эле иштей беребиз. Мени бул жерден алса, башка кызматым бар», — деди ал.

Журналист этика боюнча суроо берди. Ал буга: «Сени деле күйөөң он жолу айтса укпасаң, жаман катын деп тилдейт да. Анан мен да он жолу айтсам укпай жатса… Жаман сөз менен айтсам, баары эле угуп жатышат. Эркелеткенде «ой, мой лопушок» деп эркелетет. Ал жакшы сөз да. А этика деген эмне? Сен айтчы», — деп жооп берди.