«ӨКМ иштейби же иштебейби?» Депутат Айбек Осмонов министрликке нааразы болду

«Жакында эле Ош облусунда сел жүрдү. Жолдон жарандар 10 саат өтө албай турду. ӨКМ каякты карап отурат?» — деп депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразы болду.

«Ушул айдын башында Баткен облусунда сел жүрдү. ӨКМ иштейби же иштебейби? Ал жерде да 6-7 саат жолдон өтө албай турушту. Мындай болбойт да. ӨКМди жыйынга чакыралы», — деди ал.