ӨКМ калдыктарды рекультивациялоо үчүн Евробиримдиктен 30 миллион евро сурады

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Евробиримдик жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган уран калдыктарын рекультивациялоо жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Майлуу-Суудагы калдыктарды калыбына келтирүү жана рекультивациялоо боюнча техникалык-экономикалык негиздөө маселелери талкууланган.

«Министр Бообек Ажикеев Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайларын рекультивация жумуштарына Европа Биримдигинен 30 миллион евро бөлүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө токтолду. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү бул маселени карап чыгууга даяр экенин билдирди»,- деп айтылат маалыматта.