Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргызстанда эмеспи?

Соцтармак колдонуучулары учурда өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргызстанда эмес экенин жазышууда. Тактала элек маалыматтарга караганда, премьер-министр Казанда жүрөт.

Сереп Медиа маалымат агенттиги бул маалыматты тактоо үчүн өкмөттүн маалымат кызматы менен байланыша алган жок.

Түндөн бери кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, ок атышуулар орун алды. Эл жогорку кызматтагы адамдардын келишин талап кылышууда. Бүгүн эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга чыгып кеткенин билдирди.