Өкмөт башчы Улукбек Марипов ок чыгарган заводдун иши менен таанышты (сүрөт)

Премьер-министр Улукбек Марипов Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Бишкек штамптоо заводу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр ишкананы кыдыруу учурунда анын жетекчилиги жана жумушчулары менен жолугушуп, өндүрүш цехтерин, аскердик ошондой эле спорттук-аңчылык багыттагы өндүрүмдөрдү чыгарууга арналган жабдуулардын абалын көрүп чыкты.

Өкмөт башчы мамлекет үчүн коргоо-өнөр жай ишканаларынын маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, заводду калыбына келтирүү иштерин күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

«Завод 500гө жакын адамды жумуш орду менен камсыздайт, өнөр жай дарамети толук ишке ашырылган эмес. Бирок завод иштеп жатканы кубандырат. Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу, каржылык мүнөздөгү белгилүү бир маселелер бар, бирок натыйжалуу башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана заманбап мамиле кылуу менен заводду кайра калыбына келтирүүгө болот»,— деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2021-жылдын 5-октябрынан 8-октябрына чейин Бишкек шаарында «Defindex-2021» Биринчи эл аралык аскердик-өнөр жай көргөзмөсү өтөт.

«Көргөзмө биздин өндүрүмдөрдү илгерилетүү жана жаңы келишимдерди түзүү үчүн мыкты ишкердик аянт гана болуп калбастан, мындан аркы иштер үчүн байланыштарды жөнгө салууга шарт түзөт», — деди ал.