Өкмөт башчы Улукбек Марипов Ош шаарындагы мектептин курулушуна капсула салды

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарына караган Кеңеш айылындагы билим берүү борборунун курулушуна капсула салууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жаңы салынып жаткан мектептин сметалык баасы 800 миң долларды түзөт. Жана мекеменин курулушун Бүткүл дүйнөлүк жаш мусулмандар ассамблеясы каржылайт. Мектеп 500 окуучуга эсептелип, имаратта окуу класстары, административдик, лабораториялык, спорттук корпус сыяктуу бир катар кошумча бөлүмдөр жайгашкан.

Иш-чарада Марипов мындай социалдык объектилердин курулушунун маанилүүлүгүн белгилеп, инвесторлорго билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле премьер-министр Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы 375 орундуу орто мектептин курулушун көрүп чыкты. Аталган мекеменин жетекчилиги мектеп пайдаланууга даяр экенин, бирок курулуш жүргүзгөн компанияларга 6 млн сом өлчөмүндө карызы төлөнбөй калганын маалымдашты. Мындан улам Марипов жаңы окуу жылынан баштап балдардын заманбап мектепте окуп баштоосу үчүн каржы маселесин чечип берүүнү тийиштүү органдарга тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда өкмөт башчы Улукбек Марипов 12-13-март күндөргө ылайыкталган Жалал-Абад жана Ош облустарында иш сапары менен жүрөт.