Өкмөт башчы Улукбек Марипов Ошко барды

Премьер-министр Улукбек Марипов шашылыш түрдө Ош шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу өкмөт башчысынын Казанга болгон жумушчу сапарынын программасы өзгөртүлгөн. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал Баткендеги жаңжал чыккан чек арага барат.

Өкмөт башчы Казань шаарына ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына кеткен эле.