Өкмөт болбойт. Министрлер кабинетин президенттик аппараттын башчысы башкарат

Референдум өтүп, президент шайланып, Садыр Жапаров расмий кызматка киришкен соң күн тартибине «ким өкмөттү жетектейт? Премьер, президент жана парламенттин ортосунда бийлик кантип бөлүштүрүлөт?» деген суроо чыкты.

Учурда Конституциялык кеңешмеде иштеп жаткан мүчөлөрүнүн маалыматына таянсак, өкмөт деген түшүнүк жоюлат, министрлер кабинети гана болуп, аны президенттик аппараттын башчысы жетектейт. Президенттин бийлиги жана жоопкерчилиги өсөт. Мамлекеттик катчы кызматы кайра пайда болот. Аны менен катар президенттин алдында балдардын укугун коргоочу атайын өкүл кызматы ачылат. Өлкө башчысы министрлер кабинетинин төрагасын, демек премьерди, министрлер кабинетинин курамын түзөт, Жогорку Кеңештин макулдугу менен аларды дайындайт, кызматтан да алат. Президент аткаруу бийлигинин ишинин жыйынтыгына жеке жооп берет деп айтылып, бирок кантип жооп берери так айтыла элек. Ошондой эле каржы министри министрлер кабинетинин мүчөсү болуу менен катар төраганын орун басары да болот. Учурда министрлер кабинетин бакшарат деген ысымдардын арасында Артём Новиковдун аты көбүрөк аталууда.

Башмыйзамдын жаңы долбоорунда дагы бир топ жаңылыктар бар. Жакынкы аралыкта толугу менен окурманды тааныштырабыз. Эске салсак, Конституциялык кеңешме Башмыйзамдын жаңы долбоорун 27-январь күнү кабыл алган.