Өкмөт «Газпром» компаниясынын орун басары менен Бишкектин ЖЭБин газга өткөрүүдөгү тарифтер боюнча сүйлөштү

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков «Газпром» компаниясынын башкармалыгынын орун басары Виталий Маркелов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Артем Новиков жана Виталий Маркелов жаратылыш газына бааны төмөндөтүү мүмкүндүгү жана ага карай баанын түзүлүшү маселесин ошондой эле Бишкек шаардык ЖЭБ үчүн атайы тарифти түзүү маселесин талкуулашкан.

Бирок эки тараптын сүйлөшүүсүндө, «Газпром» ачык акционердик коому кыргыз өкмөтүнө канча пайызга жаратылыш газын арзандатып, кандай жеңилдиктери менен берээри так белгилүү болгон эмес.

Деген менен буга чейин «Газпром Кыргызстан» компаниясынын экономика жана финансы маселелери боюнча башкы директордун орун басары Арзымат Алдаяров өз сөзүндө Бишкек ЖЭБи газга өтө турган болсо компания кыргыз таарапка 25-30 пайыз арзандатуу кыла ала турганын белгилеген эле.

Учурда компания менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардагы 19 от казандарын газга өткөрүү максатында «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен меморандумга кол койгон.